Премьер - министр басма сөз эркиндиги тууралуу билдирүү жасады

Давутоглу : «Азырети пайгамбарга акаарат кылууга уруксат бербейбиз»

186520
Премьер - министр басма сөз эркиндиги тууралуу билдирүү жасады

Премьер – министр Давутоглу «Шарли Эбдо» журналынын бетинде орун алган карикатурага байланыштуу : «Бул жерде көкүтүү бар»,- деди.
Премьер – министр Ахмет Давутоглу Бельгияга кеткенден мурда Эсенбога аэропортунда өткөргөн пресс – жыйынында : «Азырети пагамбарга акаарат кылууга уруксат бербейбиз, баары муну ушундай билиши керек. Тийиштүү басма сөз мекмелерине да түшүндүрдүк»,- деди. Давутоглу басма сөз эркиндигинин кыймыл кылуу эркиндиги деген мааниге келбегенин айтты. Давутоглу : «Пайгамбарыбызга карата акаарат эч качан басма сөз эркиндиги болбойт»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар