Давосто Давутоглун 4 министр коштойт

Дүйнөлүк Экономикалык Форумунун бул жылкы Давос жыйындарында премьер – министр Ахмет Давутоглун 4 министр коштойт.

186534
Давосто Давутоглун 4 министр коштойт


21 – 24 - январь күндөрүнүн ортосунда ШвейцариянынДавос шаарында өткөрүлө турган жыйындарга Түркиядан премьер – министр Давутоглу менен бирге вице – премьер Али Бабажан, Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр, финансы министри Мехмет Шимшек, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз, Борбордук банктын төрагасы Эрдем Башчы, Биржа Стамбулдун башкаруу кеңешинин төрагасы жана баш директор Ибрахим Турхан менен көптөгөн ишкердин катышары билдирилди.
Давутоглу 21 - январда Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун куруучусу жана төрагасы Клаус Шваб да катыша турган «Түркиянын чоң жыйырмалар көз карашы» деген отурумга негизги сөз сүйлөөчү катары катышат.
«Жаңы глобалдык шарттар» деген темадагы Давос жыйынында 100 өлкөдөн 2500 ашуун катышуучу түрдүү темаларды талкуулайт. Жыйында Жакынкы Чыгыш жана Украинадагы аткарылган иштер жана кризис чөйрөсү да каралат. Египеттин президенти Абдулфеттах ес Сиси, Ирактын премьер – министри Хайдар Ел Абади жана Украинанын президенти Петро Порошенко да катышуучулардын арасында болот.
Дүйнөлүк Экономикалык Форумунда климаттык алмашуу, эбола эпидемиясы, экономикалык өсүү жана коопсуздук темалар да күн тартибине келет. Давостогу форум жыйындарына катыша турган лидерлердин айрыкча көптөгөн эки тараптуу жолугушуу өткөрүүсү да күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар