Франциядагы кол салуу террорго каршы биригүүгө чакырууда
Эрдоган Стамбулдагы Бейлербейи сарайында журналист жана телеканалдардын башкы редакторлоруна кайрылды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулдагы Бейлербейи сарайында журналист жана телеканалдардын башкы редакторлору менен жолукту.
Анда Франциядагы террордук кол салуу баса белгиленди.
Эрдоган Франциядагы кол салуулар дүйнөнүн эми террор менен күрөшүү темасында бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгуусу керектигин айтты.
Эрдоган айрыкча Султанахмет, Долмабахче жана Франциядагы кол салгычтардын террордун эми глобалдашканын ортого салганын баса белгиледи.
Франциянын президенти Франсуа Олланддын, «кол салгандардын «ислам» менен тиешеси жок» деген ачыктоосуна токтолгон президент Эрдоган: «Бул ачыктоо абдан оң болду. Бул темада Францияны колдойбуз. Франциядагы жүрүштө Түркия катары биз да орун алабыз»-деди.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө террор менен күрөшүү тууралуу маалымат орун алды.