Түркия өзүнүн согуштук учагын өндүрөт
Анкарадагы жыйналышта улуттук согуштук учак проектинде алдын ала долбоорлоо баскычына өтүлүшүнө чечим чыгарылды.
Анкарада Коргоо өнөр жайынын аткаруу комитети чогулду.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу Коргоо өнөр жайынын аткаруу комитетинин жыйналышына кечээ алгач ирет жетекчилик кылды.
Анкарадагы жыйналышта улуттук согуштук учак проектинде алдын ала долбоорлоо баскычына өтүлүшүнө чечим чыгарылды.
Премьер-министр Давутоглу эң кеч 4 жылдын ичинде алдын ала долбоорлоо баскычы бүтүрүлүп максаттарынын 2023-жылы улуттук согуштук учактын алгачкы прототип өндүрүүсүн аткаруу болгонун айтты.
Давутоглу Түркия да кошулган Орток чабуул учагы JSF долбооруна байланыштуу да 2030-жылга чейин 100 даана чыгарлышы пландалганын белгилеп, мындан мурда 2 заказ берилгенин, эми болсо дагы 4 заказ берүү чечимин чыгаргандарын билдирди.
Улуттук жөө аскер мылтыгы МРТ-76нын сериялуу өндүрүшү да баштала турганынын сүйүнчүсүн берген Давутоглу, мамлекет-жеке менчик сектор кызмытташтыгы аркылуу алгачкы баскычта 35 миң мылтык өндүрүлө турганын айтты.
Премьер-министр айрыкча жогорку бийиктикте учуучу абадан жана ракетадан коргонуу системасы долбоорунун тендеринде, фирмалар менен сүйлөшүүлөрдүн дагы 6 айга созула турганына чечим чыгарылганынын билдирди.
Премьер-министр Давутоглу апрель айында Коргоо өнөр жайынын жогорку координация кеңешинин чогула турганын жарыялады.