Элине зулумдук кылгандарга ар дайым каршы чыгабыз

Давутоглу Сирия калкы менен элдешкен башкаруу келгенде жакшы мамилелердин кайрадан курула турганын белгиледи.

164491
Элине зулумдук кылгандарга ар дайым каршы чыгабыз

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Газиантепте бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен кечки тамакта жолукту.
Коңшу өлкөлөр менен карым-катнаштарга токтолгон Давутоглу, коңшу өлкөлөр менен маселесиз байланыш түзүүнү максаттагандарын, бирок зулум лидерлер менен маселесиз жашай албай жаткандарын айтты.
Давутоглу: «Кыргынды ким салса анын диний агымына карабай каршы чыгабыз»,-деди.
Террордун соңуна чыгарылышы үчүн жүргүзүлгөн чечим табуу процессине токтолгон өкмөт башчы Давутоглу: «Кимде ким бир катмарды башкасынан бөлсө, ал улут өнүгүп өспөйт»-деп билдирди.
Сирия калкы менен элдешкен башкаруу келгенде жакшы мамилелердин кайрадан курула турганын белгилеген Давутоглу: «Иракта болгону сыяктуу эли менен элдешкен өкмөт менен байланыш түзөбүз. Алаамат жаратканга, зулумдук кылганга, кыргын салганга каршы чыгабыз»,-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар