Ирактын премьер-министри Абади Түркияда
Абади Анкарада жолугушууларды өткөрөт.
160425
Ирактын премьер-министри Аль Абади расмий иш сапары менен Түркияга келди.
Алгач Аныткабирге зыярат кыла турган Абади Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагасы Жемил Чичек тарабынан кабыл алынат.
Ирактын премьер-министри андан соң Ахмет Давутоглу тарабынан Премьер-министрликтин борбордук имаратында салтанаттуу тосулуп алынат.
Давутоглу менен Абади Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйынына катышкандан кийин маалымат жыйын өткөрүшөт.
Ирактын премьер-министри Абади президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан Президенттиктин имаратында кабыл алынат.