Сириялык Асад Тамбиге түрк жарандыгы берилет

Асад Тамби Орусияда боло турган музыка конкурсуна Түркиянын атынан катышат

141665
Сириялык Асад Тамбиге түрк жарандыгы берилет

Президент Р. Т. Эрдоган Сирия тектүү 16 жаштагы пианист Асад Тамбиге түрк жарандгынын берилиши тууралуу жобого кол койду. Президенттик булактарынан алынган маалыматка караганда Эрдоган Сириядагы хаос чөйрөсүнөн качып Түркияга баш калкалаган жаш пианистке түрк жарандыгын берген жобого кечээ кечки сааттарда кол койду.
Президент Эрдоган жобого кол койгондон киийн кээ бир адистердин «пианино генийи» деп да мүнөздөгөн Асад Тамбиге телефон чалып жарандык сүйүнчүсүн жеке өзү берди. Асад Тамбинин 2014 - жылдын 10 – 14 - декабрь күндөрүнүн ортосунда Орусияда боло турган эл аралык музыка конкурсуна Түркиянын атынан катыша алары белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар