Премьер – министр Грецияга барат

Ахмет Давутоглу эки күнгө созула турган сапарында биринчи болуп Грециянын президенти Каролос Папуляс менен жолугушат

138270
Премьер – министр Грецияга барат

Премьер – министр Ахмет Давутоглу түрдүү жолугушууларды өткөрүү үчүн бүгүн Грецияга барат. Ахмет Давутоглу эки күнгө созула турган сапарында биринчи болуп Грециянын президенти Каролос Папуляс менен жолугушат. Давутоглу андан кийин кесиптеши Антонис Самарас менен жолугушат. Борбор шаар Афинада өткөрүлө турган иш форумуна да катыша турган премьер – министр Давутоглу андан кийин Грециядагы түрк азчылыгынын өкүлдөрүн кабыл алат. Сапарынын экинчи күнүндө түрк жана грек министрлеринин жолугушуусунан кийин биргелешкен министрлер кеңешинин жыйыны өткөрүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар