Таиландда мыйзамсыз мигрант болгон 300 уйгур түркү кармалды
Чавушоглу : "Министрлигибиз уйгур тектештерибиз тууралуу бардык абалдарды жакындан иликтөөнү улантат",- деди.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Таиландда мыйзамсыз мигрант болгон 300 уйгур түркү жана Шыңжаң уйгур автоном аймагындагы уйгурлар тууралуу маалыматтарды берди. Чавушоглу Улуттук Кыймыл Партиясынын Анкара депутаты Өзжан Йеничеринин Чыгыш Түркстанда өлүм жазасына тартылган уйгурлар тууралуу аракетте болуп же болбогону тууралуу жазуу түрүндөгү суроосуна жооп берди.
Чавушоглу : "Министрлигибиз уйгур тектештерибиз тууралуу бардык абалдарды жакындан иликтөөнү улантат",- деди.
Тышкы иштер министри билдирүүсүндө июль айында Кашкардагы окуялардан улам өлүм жазасына тартылгандардын абалы тууралуу : "Сот процессинин тактыгына байланыштуу күтүүлөрүбүз Анкарада 21 - октябрда болгон жолугушууда Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Ченг Гопингге билдирилген. Министрдин орун басары Ченг жооп катары биздин жоопкерчилигибизди түшүнгөнүн, так түрдө соттоо тууралуу талабыбызды жогоркуларга билдирерин жана сөзү болгон чечимге байланыштуу чечиле турган жолдун ачык экенин белгилеген",- деди.
Чавушоглу Таиландда адам качыргандар тарабынан алып келинген жана жасалма паспорттору менен кармалган 300 уйгурдун Түркияга алып келинүүсү үчүн аракетке өтүшкөндөрүн билдирди. Чавушоглу маселе тууралуу Таиланд тышкы иштер министри менен сүйлөшүшкөнүн жана мыйзамдуу процесстен кийин уйгурларды Түркияга алып келүүнү каалашкандарын Таиланд тарабына билдиришкендерин айтты.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө террор менен күрөшүү тууралуу маалымат орун алды.