Жо Байден Түркияга келет

Байден Стамбулда Фенер рум патриархы Варфоломей менен да жолугушат

195433
Жо Байден Түркияга келет

АКШнын вице – президенти Жо Байден Марокко жана Украинадан кийин Түркияга келет. Байдендин күн тартиби ИШИМ жана аймактык маселелер. Стамбулга 21 - ноябрда келе турган Байден оболу премьер – министр Ахмет Давутоглу менен иш алып баруу тамагында жолугушат. Байден 22 - ноябрда да президент Р. Т. Эрдоган менен жолугушат. Байден Эрдоган жана Давутоглу менен жолугушуусунда эки өлкөнүн Ирак жана Сирияда ИШИМге каршы кызматташтык, Түркиянын чек арасынын ары жагында болуп жаткан адамзаттык кризис, ИШИМге чет элдик күрөшчүлөрдүн кошулуусуна бөгөт болуу, Кипрде макулдашуунун түзүлүшүн колдоо жана башка аймактык темалар каралат. Стамбулду энергетика жана экономикалык саммитинде сөз сүйлөй турган Байден андан кийин 115 жарандык коом уюмунун башкаруучулары менен жолугушат. Байден Стамбулда Фенер рум патриархы Варфоломей менен да жолугушат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар