Түркияда дарыланышты

Измирде дарыланган 30 палестиналык өлкөлөрүнө жиберилди

192053
Түркияда дарыланышты

 Измир саламаттыкты сактоо директору Бедиха Түркйылмаз Израилдин кол салууларында жараланган жана дарылануу үчүн Измирге алып келинген 38 палестиналыктан төртөөсүнүн башка облустарга кеткенин, калган жаралуулардын болсо бир айга жакын убакыттан бери 4 ооруканада дарыланганын айтты. Жаралуулар менен бирге 36 багуучусунун да шаарда конок болгонун айткан Түркйылмаз жаралууларга 20 операция, 630 медициналык жардам берилгенин белгиледи. Азыркы учурда 4 палестиналык жаралуунун дарылануусунун улантылып жатканын белгилеген Түркйылмаз алардын дарылануусунун белгилүү бир процессти керек кылганын айтты. Өлкөлөрүнөн жаман абалда келген палестиналык жаралуулардын ден соолугунун жакшы жана бактылуу өлкөлөрүнө кайтканын айткан Бедиха Түркйылмаз палестиналык жаралуу жана багуучуларынын Түркияда болгон учурда абдан жакшы мамиле көрүшкөндөрүн, өздөрүн да Палестинага чакырышкандарын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар