Президент Эрдоган 15 кишилик езиди делегациясын кабыл алды

Езидилер кабыл алуудабаш калкалагандарга берилген саламаттык, билим берүү, социалдык колдоолордон пайдаланууну каалашкандарын билдиришти

191019
Президент Эрдоган  15 кишилик езиди делегациясын кабыл алды

 Президент Р. Т. Эрдоган Ирактагы ИШИМ зулумчулугунан качып Түркияга баш калкалаган езидилердин өкүлү болгон 15 кишилик делегацияны кабыл алды. Езидилер кабыл алууда Сирияда Түркияга баш калкалагандарга берилген саламаттык, билим берүү, социалдык колдоолордон пайдаланууну каалашкандарын билдиришти. Президент Эрдоган да : «Коңшуларыбызга карата ачык каалга саясатын ишке ашыруудабыз»,- деди. Президент сөзүн төмөнкүчө улантты : «Өлкөлөрүндөгү соккудан качкан коңшуларыбызга карата ачык каалга саясатын жүргүзүп, мажбурлоо менен кайра жибербөө жана чек арадан артка кайтаруу принциптерин тыкандык менен турмушка ашыруудабыз. Сирия жана Иракта болгон кризис чыккан учурдан эле баштап принциптүү, адамзаттык баалуулуктарга басым жасаган саясатты жактырдык».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар