Премьер-министрликтин уруксат документи

Мали боюнча уруксат документи парламентке сунушталды.

190098
Премьер-министрликтин уруксат документи


Борбордук Африка Республикасы жана Малидеги операциялардын алкагында түрк аскерлеринин бул өлкөлөргө жөнөтүлүүсүнө байланыштуу Премьер-министрликтин уруксат документи кечээ Түркия Улуу Улуттук Парламентине тапшырылды.
Парламентке жиберилген уруксат документинде, Африкада аймактык ырааттуулук жана тынчтыкты орнотуу үчүн аскердик колдоо көрсөтүлүшү бул материкке карай тышкы саясаттын уландысы экени белгиленди.
Премьер-министрликтин уруксат документинде «чек ара, аянт, көлөм жана мөөнөтү өкмөт тарабынан аныкталуусу үчүн Европа Биримдигинин Борбордук Африка Республикасы жана Малидеги операцияларынын алкагында Түрк куралдуу күчтөрүнүн чет өлкөгө жөнөтүлүүсү үчүн өкмөттөн 1 жылдык мөөнөткө уруксат берилиши талап кылынды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар