Дүйнөнүн эң узун жана эң кыска адамдары Лондондо

«Дүйнөнүн эң узун бойлуу адамы» Султан Көсен Лондондо

189408
Дүйнөнүн эң узун жана эң кыска адамдары Лондондо

«Дүйнөнүн эң узун бойлуу адамы» Султан Көсен Лондондо «Дүйнөнүн эң кыска бойлуу адамы» Данги менен биринчи жолу жолугушту. «Дүйнөнүн узун бойлуу адамы» деген атты алган 2 метр 51 сантиметрдик боюу менен Султан Көсен Гиннес рекорддор китебинин 60 – жылдыгынан улам Англиянын борбор шаары Лондондо өткөрүлгөн иш чарага катышты.
Тарыхый парламент жана Big Ben саат мунарасынын жакынында өткөрүлгөн иш чарада Султан Көсен 54, 6 сантиметрдик «дүйнөнүн эң кыска бойлуу адамы» болгон непалдык Чандра Бахадур Данги менен биринчи жолу жолугушту. Басма сөз абдан чоң кызыгуу көрсөткөн Көсен менен Данги кол алышып сүрөткө түшүштү. 32 жаштагы Султан Көсен : «5 жылдан бери Гиннес рекорддор китебиндемин, рекордуму эч кимге бербейм. Бул жерде өлкөбүздү, Мардинибизди таанытып жатам. Бул жерде абдан сыймыктануу менен өлкөмү таанытып жатам»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар