Давутоглу Австралияда Чоң жыйырма жыйынына катышат

Ахмет Давутоглу Австралия жана Филиппиндерди камтыган сапарынын биринчи аялдамасы Австралияга аттанды.

188665
Давутоглу Австралияда Чоң жыйырма жыйынына катышат

Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу Австралия жана Филиппиндерди камтыган сапарынын биринчи аялдамасы Австралияга аттанды.
Давутоглу аттанаарда берген маалыматында Чоң жыйырма (G 20)саммитине катыша турганын билдирди жана Чоң жыйырманын абдан маанилүү эл аралык платформалардан бири болгонун айтты.
Давутоглу жарыя кылынган структуралык өзгөрүү программасынын алкагында тажрыйбаларды башка өлкөлөр менен бөлүшө тургандарын билдирди.
Чоң жыйырманын ушул убакта эл аралык экономикалык, саясий эң маанилүү платформалардан бири болгонун баса белгилеген өкмөт башчы, «2008-жылдан бери лидерлер деңгээлинде өзгөчө глобалдык экономикадагы кризис жана андан кийин көрүлө турган чараларды жыл сайын карап чыгууда»,-деди.
Алдыдагы 5 жылдын ичинде Чоң жыйырманын колллективдүү өсүүсүнө кошумча түрдө эки пайыздык өсүү камсыздалышынын максатталганын белгилеген премьер-министр, бул өсүүнү камсыздоо үчүн максаттардын каралып чыга турганын айтты.
Давутоглу өткөн жумада жарыя кылышкан структуралык өзгөрүү программасынын Чоң жыйырма өлкөлөрүнүн ичинде дүйнөдөгү алгачкы ишке ашыруулардан бири болгонун жана бул темадагы тажрыйбаларын башка өлкөлөр менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн таба тургандарын баса белгиледи.
Саммитте өлкөлөрдүн өсүү стратегиялдарына жана максаттарына да баа берүү мүмкүнчүлүгүн таба тургандарын белгилеген Давутоглу, «Бул кыймыл планы финансылык жана акчалай саясаттар менен катар инвестиция, соода, өнүгүү жана жумуш менен камсыздоо тармактарында да маанилүү структуралык реформаларды камтыйт. Ушул алкакта бүтүндөй бул тармакта да глобалдык экономикадагы акыркы абалдарга баа беребиз»,-деди.
Давутоглу, «Глобалдык экономикага жакындан байланышы болгон өсүү, соода, энергетика инвестициялары, глобалдык финансы системалары жана башка тармактарда да бирдей түшүнүктөрдүн өнүктүрүлүшү жана учурдагы глобалдык кыйынчылыктарга карай чечим табуу сунуштарынын талкууга алынышы лидерлер саммитинин максаттарынын арасында алдыңкы темалар болот»,-деген сөздөрдү айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар