Месчид-и Акса бүтүндөй мусулмандыктын сыймыгы

Премьер-министр өз сөзүндө Месчид-и Аксага кол салууга жана Палестина доосунда үн катпай калгандарды сындады.

185999
Месчид-и Акса бүтүндөй мусулмандыктын сыймыгы

Премьер-министр Ахмет Давутоглу кечээ Стамбулда партиясынын Күчүкчекмеже районундук жыйналышы менен Тышкы экономикалык байланыштар кеңешинин (DEİK) жалпы кеңешине катышты.
Премьер-министр өз сөзүндө Месчид-и Аксага кол салууга жана Палестина доосунда үн катпай калгандарды сындады.
Давутоглу: «Ким эмне кылса кылсын, Месчид-и Аксаны ар ким унутса дагы биз бул азиз улутубуз менен Түркия Республикасы Мамлекети катары унутпайбыз жана дүйнөнүн бардык жеринде Месчид-и Аксанын жана Иерусалимдин катчысы болобуз»,-деди.
Месчид-и Аксанын бүткүл мулумдандардын жана адам баласынын сыймыгы болгонун жана ал сыймык корголо турганын баса белгилеген өкмөт башчы: «Мындан кийин жана түбөлүккө чейин Газа жана Палестина ал тургай Иерусалим, Месчид-и Аксадан сөз болгондо ар ким бир бурчта турса дагы биз ал жерде болобуз, биз бул маселенин катчысы жана байкоочусу болобуз»,-деп айтты.
Давутоглу ушул убакта иштеп жаткан саясий эрк менен Түркияда аң-сезим, ыкма жана көз караш өзгөргөнүнө көңүл бурду.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу ишкерлерге, «Өлчөмүңүздү кичирейтпеңиз, демилгечи рухуңуздан баш тартпаңыз»,-деген чакырык таштады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар