Эрдоган бир күндүк иш сапары менен Францияга барды
Эрдоган Франсуа Олланд менен жолукту.
176254
![Эрдоган бир күндүк иш сапары менен Францияга барды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/10-11/Files/UploadedImages/3321618246umhurbakanrdoanransafrancoishollande.jpg?time=1718559608)
Президент Режеп Таййип Эрдоган бир күндүк иш сапары менен Францияга барды.
Түркиянын президенти Эрдоган Франциянын президенти Франсуа Олланд менен жолугушту.
Жолугушууда ИШИМ менен катар аймактык маселелер жана эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар каралды.
Жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйыны өткөрүлдү. Жолугушуунун оң өткөнүн белгилеген Эрдоган, экономикалык, маданий жана аскердик тармактарда сүйлөшүүлөр болгонун айтты.
Президент Эрдоган кечки маалда Франциянын Эл аралык мамилелер институтунда сөз сүйлөйт.