Түркия шахтерлорду куткаруу аракетинде...

Эрменектеги шахтада камалып калган жумушчуларды куткаруу кызуу жүрүп жатат.

173376
Түркия шахтерлорду куткаруу аракетинде...

Караман областынын Эрменек районундагы Гүнеййурт жергесинде жеке менчик көмүр чыгаруучу шахтага суу кирди.

Шахтадан  18 жумушчу чыга албай калды.

Жумушчуларды куткаруу иштери уланууда.

Саламаттык сактоо министрлиги 21 тез жардам унаасын жана ошону менен бирге 87 саламаттык сактоо кызматкерин окуя болгон жерге жөнөттү.

Караман, Конья,Адана, Мерсин жана Күтахиядан издөө-куткаруу топтору аймакка жеткирилди.

Өзгөчө кырдаалды башкаруу башкармалыгы да 20сы Зонгулдактан болгон 216 издөө-куткаруу тобун жөнөттү.

Анкара мэриясы да ал жакка 5 өрт өчүргүч унаасын, 25 кызматкер жана  атайын үйрөтүлгөн 1 "К-9" итин жөнөткөнүн билдирди.

Стамбул жана Коньядан да жогорку басымдуу өрт өчүргүч унаалар аймакка жөнөтүлдү.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар