Эрдоган элчилерди кабыл алды

Президент Эрдоганга ишеним грамотасын тапшырган ысымдардын арасында АКШнын элчиси Жон Бас да бар эле.

164637
Эрдоган элчилерди кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган кызматын баштагандан кийин алгач ирет Түркияда кызматын баштай турган айрым өлкөлөрдүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды.
Президент Эрдоганга ишеним грамотасын тапшырган ысымдардын арасында АКШнын элчиси Жон Бас да бар эле.
Президент Режеп Таййип Эрдоган эң оболу Түштүк Судандын Анкарадагы элчиси Мажок Гуандун Тхиепти кабыл алды.
Элчи Тхиеп президент Эрдоганга ишеним грамотасын тапшырды. Тхиептин айрым элчилик кызматкерлери жана жубайы ишеним грамотасын тапшыргандан кийин президент менен бирге фотосүрөткө түшүштү.
Тхиеп Түркия Республикасынын 12-Президенти Эрдоганга ишеним грамотасын тапшырган алгачкы элчи болду.
Президент Эрдоган Карабах элчиси Бранко Миличтин жана Венгриянын элчиси Габор Кисстин да ишеним грамотасын кабыл алды.
Бир тараптан Венгриянын элчиси Габор ишеним грамотасын тапшырып жатканда түркчө сүйлөөсү Эрдогандын көңүлүн бурду.
Президент Эрдогандын түркчө билесизби?-деген суроосуна Габор, «Абдан аз»-деп жооп берди.
Эрдоган андан соң Америка Кошмо Штаттарынын элчиси Жон Бастын ишеним грамотасын кабыл алды. Бас дагы Эрдоганга түркчө «Урматтуу президентим абдан кубанычта болдум!»-деди.
Президент Эрдоган бул кабыл алуулардан кийин Тунистин тышкы иштер министри Монжи Хамди жана Катардын коргоо министри Хамад бен Али аль-Атиййени кабыл алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар