Чавушоглу Түркиянын ролун ар ким билерин айтты
Чавушоглу Нью-Йортко Түркиянын БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчөлүгүн сүйлөшүүдө.
Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине убактылуу мүчөлүктүн алкагында Нью-Йоркто Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан сый кече өткөрүлдү.
Сый кечеге Түркиянын атаандаштары Испания жана Жаңы Зеландиянын тышкы иштер министрлери, көп сандаган дипломаттар жана чакырылгандар катышты.
Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу сый кечеде сүйлөгөн сөзүндө шайланган учурунда Түркиянын БУУнун Коопсуздук кеңешинде маданияттар жана цивизациялар аралык көпүрөлөр курулушу, туруктуу өнүгүүнүн күчтөндүрүлүшү, террор жана климат өзгөрүшү менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүлүшү, теңдик жана адилеттиктин камсыздалышы сыяктуу бир топ темада салым кошо ала турганын белгиледи.
Түркиянын 2009-2010-жылдарда Коопсуздук кеңешиндеги ийгиликтүү иш-терине токтолгон Чавушоглу: «Эгер шайланып калсак жаңы мезгилде БУУнун Коопсуздук кеңешинде диалог, ачыктык, теңдик, жооп берүүчүлүк жана түшүмдүүлүктүн арттырылышы үчүн иштейбиз»,-деди.
Чавушоглу түрк массалык маалымат каражаттарына да кайрылуусунда, «Түркиянын эл аралык уюмдар жана БУУ багытында ойногон ролун ар ким билет»,-деди.
Тектеш кабарлар
Эрдогандын телефон дипломатиясы
Бул тууралуу Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан маалымат берилди.
Чамлыжа мунарасын 1 миллион 800 миң киши кыдырды
Мунаранын ар башка бөлүмдөрүндө атайын күндөр да болгон бир топ иш - чаралар өткөрүлүүдө.