Улуттук чалгындоо уюмунун кеңешичиси АКШда
Хакан Фидан Лиза Монако менен жолугушту
Улуттук чалгындоо уюмунун кеңешчиси Хакан Фидан жолугушууларды өткөрүү үчүн Вашингтондо. Хакан Фидан АКШнын президенти Барак Обаманын ички коопсуздук жана террор менен күрөшүү боюнча кеңешчиси Лиза Монако менен жолугушту. Басма сөзгө жабык өткөрүлгөн жолугушууга байланыштуу маалыматтар Ак үй тарабынан жазуу түрүндөгү бир билдирүү менен жарыяланды. Ушуга караганда жолугушууда террор менен күрөштө кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана ИШИМге каршы түзүлгөн эл аралык коалицияга Түркиянын көлөмүнүн дагы көп интеграциялануусунун жолдору каралды. Айрыкча ИШИМдин көлөмүн азайтуу жана толугу менен жок кылууда кенен түрдөгү стратегиянын бир бөлүгү катары Түркиянын жардамдарынын ылдамдатылуусунун мааниси да баса белгиленди. Монако жана Фидандын айрыкча Сириядагы Аль Каида жайган орток коркунучту карап чыкканы, коопсуздук жана чалгындоо тууралуу жакындан сүйлөшүүнү улантуу боюнча макулдашканы билдирилди.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө террор менен күрөшүү тууралуу маалымат орун алды.