Йенс Столтенберг Анкарага келди

НАТОнун баш катчысы оболу тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушту

152703
Йенс Столтенберг Анкарага келди

Түркия башта Сирия болуу менен аймагында олуттуу абалдар болуп жатканда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергди тосуп алды. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг өзгөчө ИШИМ коркунучун камтыган кадамдарды жана Түркияга бериле турган жардамды сүйлөшүү үчүн кечээ Анкарага келди.
Оболу тышкы иштер министрлигинде болгон жолугушууда Түркиянын көз караштары дагы бир жолу билдирилди. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кургактык операциясы да болуу менен бардык опреациялардын каралып чыгылуусу керектигин белгиледи. Чавушоглу Сирия жана аймактагы ыраатсыздыктын себебинин Асад режими экенин баса белгилеп, кенен стратегиянын керек экендигин айтты. НАТОнун баш катчысы болуп шайлангандан кийин экинчи сапарын Түркияга жасаган Столтенберг Анкарага карата колдоосун кайталады. Столтенберг : «Учууга тыюу салынган аймак жана коопсуз аймактын түзүлүшү тууралуу маселелерди жыйындарда карап чыктык»,- деди. НАТОнун баш катчысы президент Р. Т. Эрдоган жана премьер – министр Ахмет Давутоглу менен да жолугушту. Жолугушуудан кийин берилген маалыматта аймактын кыйын бир мезгилден өткөнүн белгилеген премьер – министр Давутоглу маселелердин чечилүүсү тууралуу НАТОнун патриот ракеталык коргонуу системасы башта болуу менен кошо турган салымынын абдан маанилүү экенин айтты.
НАТОнун баш катчысы да Ирак жана Сирияда болуп жаткан тескери абалдардан эң көп Түркиянын таасирленгенин белгиледи. НАТОнун ар дайым Түркияны коргоого даяр экенин белгилеген Столтенберг аймакта Түркия сыяктуу күчтүү бир өлкөнүн болушу НАТО үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк экенин айтты. Столтенберг башкы штабдын төрагасы армиянын генералы Неждет Өзел менен да жолугушту.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар