Ислам дүйнөсү майрам намазында жолугушту

Курман айт майрамын бүгүн майрамдай баштаган өлкөлөрдө жашаган мусулмандар майрам намазында жолугушушту

149405
Ислам дүйнөсү майрам намазында жолугушту

Курман айт майрамын бүгүн майрамдай баштаган өлкөлөрдө жашаган мусулмандар майрам намазында жолугушушту. Түркия жана дүйнөнүн бир топ өлкөсүнө караганда сааттардын жылдырылуусу менен Австралияда Курман айт майрамы эрте башталды. Түркия убактысы боюнча 7 саат, Европа өлкөлөрүнө караганда 9 саат майрамга эрте кирген Австралияда мусулмандар эрте менен эрте сааттарда мечиттерге барышты. Майрам намазы окулуп кутбанын берилүүсү менен Курман айт башталды. Түркияда да Курман айт майрамы жалпы өлкөдө башталды.
Майрам намазы Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте жааган жамгырга карабастан эрте менен премьер – министрлик имаратынын алдындагы аянтка чогулган мусулмандар Курман айт намазын жамгыр алдында окушту. Муфтийдин орун басары Равшанбек Эратовдун берген ваазы менен майрам намазы окулду. Майрам намазына кээ бир депутаттар менен бирге катышкан Асылбек Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаев жана депутаттардын атынан жарандарды майрам менен куттуктады. Премьер – министрлик, мэрия жана чет элдик миссиянын дин атешелери жааган жамгырдан улам сөз сүйлөй алышкан жок. Майрам намазынын окулушунан кийин Кураан Керим окулду. Кылынган дубалардан кийин жарандар дин кызматкерлери менен майрамдашуу үчүн кезекке турушту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар