Чанкаяда коопсуздук жыйыны
Жыйында ИШИМ коркунучуна карата ташталуусу күтүлгөн кадамдар жыйында каралды
Документтин кабыл алынышынан кийин президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде кечээ Чанкая сарайында коопсуздук жыйыны өткөрүлдү.
Жыйынга премьер – министр Ахмет Давутоглу, генштабдын төрагасы армиянын генералы Неждет Өзел, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, ички иштер министри Эфкан Ала, улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз, генштабдын төрагасынын экинчи төрагасы армиянын генералы Яшар Гүлер жана Улуттук чалгындоо уюмунун кеңешчиси Хакан Фидан катышты. Саммитте Ирак жана Сирия башта болуу менен аймакта болуп жаткан абалдар каралды. Өзгөчө ИШИМ коркунучуна карата ташталуусу күтүлгөн кадамдар жыйында каралды. 2 саат 20 минутага созулган жыйындан кийин эч кандай билдирүү жасалган жок.
Тектеш кабарлар
Эрдогандын АКШдагы жолугушуулары
Президент Эрдоган Түрк үйүндө Албаниянын премьер-министри Эди Раманы кабыл алды.