Түркияда мыйзам чыгаруу жылы башталууда

Режеп Таййип Эрдоган алгач ирет президент катары Жалпы кеңеште мыйзам чыгаруу жылынын ачылыш сөзүн сүйлөйт.

145843
Түркияда мыйзам чыгаруу жылы башталууда

Түркия Улуу Улуттук Парламенти ачылууда.
Режеп Таййип Эрдоган алгач ирет президент катары Жалпы кеңеште мыйзам чыгаруу жылынын ачылыш сөзүн сүйлөйт.
Президент Режеп Таййип Эрдоган бүгүн 24-мезгил 5-мыйзам чыгаруу жылынын ачылышы үчүн Түркия Улуу Улуттук Парламентине барат.
Президент Парламенттин Жалпы кеңешинде ачылыш сөзүн сүйлөйт.
Жаңы мыйзам чыгаруу жылында парлемнттин алгачкы сүйлөшө турган темасы Ирак жана Сирия боюнча уруксат документи болот.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия Улуу Улуттук Парламентиндеги кайрылуусунан кийин Чанкая сарайына өтөт.
Президент кечинде Америка Кошмо Штаттарынын соода министри Пенни Прицкерди кабыл алат.
Президент Эрдоган андан соң 24-мезгил 5-мыйзам чыгаруу жылынын ачылыш сый кечеси үчүн Түркия Улуу Улуттук Парламентинде болот.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар