«Улуттук коопсуздук үчүн ар кандай чара көрүлөт»

ИШИМ террордук уюмe менен күрөшүүгө токтолгон премьер – министр улуттук коопсуздук үчүн ар кандай чаранын көрүлөрүн айтты

141258
«Улуттук коопсуздук үчүн ар кандай чара көрүлөт»

Премьер – министр Ахмет Давутоглу кечээ Адилеттик жана өнүгүү партиясынын областык жетекчилеринин жыйынына катышты. Ахмет Давутоглу бул жерде сүйлөгөн сөзүндө аймактагы абалдарга кенен орун берди. Премьер – министр Сириядан келгендердин санынын 160 миңден ашканын, Түркиянын ачык каалга саясатынын бөлүүчүлүк кылбастан чечкиндүүлүк менен улантылганын баса белгиледи.
Премьер – министр Давутоглу чечүүчү жол процессинин этникалык жана сектанттык кагылышуулар болгон Жакынкы Чыгыштын ийгилиги экенин белгиледи. ИШИМ террордук уюмe менен күрөшүүгө токтолгон премьер – министр улуттук коопсуздук үчүн ар кандай чаранын көрүлөрүн айтты.
Түркиянын ырааттуулук аймагы болуп калуу шартынын чөйрөдө тынчтык жана ырааттуулуктун түзүлүшү экенин белгилеген Давутоглу : «Кандайдыр бир аскердик операция жана чечүүчү жол, аймакка тынчтык жана ырааттуулук алып келүү песрпективасында болсо муну колдойбуз»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар