Мевлүт Чавушоглу Нью - Йорктогу жолугушууларын улантууда

Чавушоглу БУУнун Арачылык Достор Тобунун жыйынында кош төрагалыкты аткарды

141271
Мевлүт Чавушоглу Нью - Йорктогу жолугушууларын улантууда

 Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Нью – Йорктогу дипломатиялык жолугушуулары улантылууда. Чавушоглу Финляндиянын тышкы иштер министри Эркки Туомиоя менен бирдикте БУУнун Арачылык Достор Тобунун жыйынында кош төрагалыкты аткарды. Жыйында Украина жана Түштүк Судандагы абалдар каралды. Чавушоглу биргелеше өткөрүлгөн пресс – жыйында 2010 - жылдан бери Финляндия менен башталган арачылык иш – чаралары менен тынчтык инциативинин барган сайын күч алганын белгиледи.
Сириядагы абалдын барган сайын начарлап баратканын белгилеген Чавушоглу режимдин 200 миңден ашуун кишини өлтүргөнүн жана ИШИМдин да аймактын тынчтыгына тескери таасирин тийгизгенин белгиледи.
Ирактагы саясий өткөөлдү ыраазычылык менен кабыл алышкандарын белгилеген Чавушоглу маселелерге кенен түрдө караган өкмөттү колдошкондорун билдирди. Чавушоглу айрыкча аймакта террор тууралуу кенен масштабдагы программага муктаждыктын бар экенин баса белгиледи. Мевлүт Чавушоглу андан кийин түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин расмий болбогон жыйынына катышты.
*** Тышкы иштер министри Чавушоглу Орусия федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен да эки тараптуу сүйлөшүү өткөрдү.
*** Сүйлөшүүдө Жогорку деңгээлдеги кызмтаташтык кеңеши боло турган күн Түркиянын БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгү үчүн колдоо талабы, Украина темасы жана өзгөчө Украинада жашаган Крым татарларынын абалы жана Крым татарларына тема болгон өлкөгө кирүүгө тыюу салуу темалары да каралды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар