Палестиналык жаралуулар Түркияда дарыланып жатышат

123 палестиналык жаралуу Түркияга алынып келинди.

137675
Палестиналык жаралуулар Түркияда дарыланып жатышат


Саламаттык сактоо министрлиги август айынан бери тез жардам учактары менен жалпы 123 газалык жаралуунун жана аларды коштогон 112 жакынынын Түркияга алынып келингенин билдирди.
Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда Анкара, Стамбул, Афьонкарахисар жана Измирдеги ооруканаларда учурда 77 жаралуу дарыланып жатат.
Дарыланып бүткөн 45 палестиналыктын 41и өлкөсүнө кайтты, төртөө болсо мейманкаларда коноктолду. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар