Эрдоган Нью-Йоркто

Эрдоган БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушту.

135343
Эрдоган Нью-Йоркто


Президент Режеп Таййип Эрдоган БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйындары үчүн Нью-Йоркко барды.
Жолугушууларын кечээ баштаган президент Эрдоган алгач АКШнын алдыңкы ой-пикир мекемелеринен Тышкы байланыштар кеңешине кайрылды.
Сөз сүйлөөсүндө аймактык жана дүйнөлүк маселелерди караган Эрдоган, Түркия чоң тажрыйбасы менен аймактык жана дүйнөлүк тынчтыкка ар түрдүү салымын кошуусун уланта турганын айтты.
Эрдоган: «Түркиянын тышкы саясаты буга чейин жүргүзүлүп келгендей эле мындан кийин дагы тынчтык, эл аралык укук жана адилеттиктин негизинде улантылат. Ээ болгон жана тынымсыз өнүктүргөн демократиялык стандарттары менен Түркия аймактык жана дүйнөлүк тынчтык үчүн үлгү болуу жөндөмдүүлүгүн сактайт»,-деди.
Эрдоган андан кийин БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушту.
Жолугушууда терроризм менен күрөшүү, сириялык качкындар, учууга тыюу салынган аймак, Кипр маселеси, Газа, Украина, Сомалиге гуманитардык жардам, климаттык өзгөрүү, эбола оорусу сыяктуу темалар каралды.
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Мусулда барымтага алынган түрк жарандарынын аман-эсен куткарылгандыгынан улам да Түркияга ыраазычылыгын билдирди.
Президент Эрдоган да терроризм менен күрөшүү темасында Ирак жана Сириянын бир багыттуу кыймыл планы катары каралышы керектигин белгилеп, терроризмди түп тамыры менен жок кыла турган кадамдардын ташталышы маанилүү экенин баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар