Мусул операциясы кандай жүргүзүлдү?

Мусулда 49 кызматкер ИШИМ тарабынан барымтага алынган.

132926
Мусул операциясы кандай жүргүзүлдү?

Үч жарым айга созулган үмүтүү күтүү Мусулдагы барымтадагылардын аман-эсен Түркияга кайтышы менен жыйынтыкталды.

Анда ушул күнгө чейин эмнелер болгонуна көз чаптыралы...

Бүтүндөй Түркияда чыңалууну туудурган күтүүгө себепчи болгон процесс 11-июнда башталды.

Абу Бакир Багдади башында турган ИШИМ уюму 49 консулдук кызматкери орун алган Түркиянын Мусулдагы башкы консулдугуна кол салды.

Куралдуу кол салууда башкы консул Өзтүрк Йылмаз менен кошо 49 кызматкер ИШИМдин террористтери тарабынан барымтага алынды.

Ошол мүнөттөн баштап Түркиянын дипломатиялык жана чалгындоо иштери башталды.

Барымтадагылардын жан коопсуздугу бардык нерседен жогору кармалып кылдат план түзүлдү.

Окуя болгон күнү Премьер-министриликте өткөрүлгөн коопсуздук жыйынына катышкан ички иштер министри Эфкан Ала жыйналыштан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип, "Түркия өз кызыкчылыгы үчүн колунан келген бардык нерсени жумшайт",-деди.

Чанкая сарайында 11-президент Абдуллах Гүлдүн жетекчилигинде өткөрүлгөн коопсуздук жыйынында болсо бардык тең салмактуулуктар эске алынган көпкө созулган иш баштатылды.

Улуттук чалгындоо уюмунун мүчөлөрү аянтта акырындап жыла баштаганда, тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери да дипломатиялык алакалары менен ИШИМди кыйын абалга түшүрдү.

Түркия Мусулда болгон окуядан кийин НАТОну шашылыш жыйынга чакырды.

НАТОнун туруктуу өкүлдөрү аткарган жыйында окуяга байланыштуу НАТОнун мүчөсү болгон өлкөлөргө кеңири маалымат берди.

ИШИМдин батыштык журналисттерди кыйнап өлтүргөн кандуу көрүнүштөрү да батыш коомдук пикирин да дароо Жакынкы Чыгышка багыттап койду.

АКШнын башчылыгында аткарылган иштерде мамлекеттик катчысы Жон Керри аймакты кыдырып колдоо издеди.

ИШИМге каршы түзүлө турган негизги коалиция каралган Жиддадагы жыйналышта, Түркияны тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу өкүлдүк кылды.

Жыйналыштын жыйынтык декларациясына Сауд Арабстан баштаган АКШ, Египет,Ирак,Иордания, Ливан, Катар, Кувейт, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирликтери жана Оман кол койсо, Түркия кол койгон жок.

Андан соң АКШнын президенти Обаманын 4 беренелик ИШИМди жок кылуу планы жарыяланды.

Абадан бомбалоо жана аймактагы ИШИМге каршы күчтөрдү куралдандырууну көздөгөн планда, Түркиянын колдоосунан сөз кылынган жок.

Мусулдагы опурталдуу абал башка өлкөлөрдүн тескерисинче Түркияны дагы кылдат болууга түрткөн.

Ал эми президент Обаманын жарыясынан кийин 5 күн өткөндө, премьер-министр Ахмет Давутоглу кубанычтуу кабарды берди.

Барымтадагы 49 түрк жараны куткарылып, Түркияга алынып келинген эле.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар