Давутоглу Пан Ги Мун менен телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө аймактагы акыркы абал, ИШИМ коркунучу жана чек арадагы кыймылдуулук каралды.
132760
Сирия чек арасындагы кырдаал эл аралык коомчулуктун да күн тартибинде.
Азербайжандын борбор шаары Бакуга барган премьер-министр Ахмет Давутоглу БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүдө аймактагы акыркы абал, ИШИМ коркунучу жана чек арадагы кыймылдуулук каралды.
Премьер-министр Давутоглу Пан Ги Мун менен Сирия жана Ирактан Түркияга карай көч кыймылы туурасында пикирлерин бөлүштү.