Премьер-министр Давутоглу Азербайжанга барат

Давутоглу Бакуда эки тараптуу жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөргө катышат.

129583
Премьер-министр Давутоглу Азербайжанга барат

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынан кийин чет өлкөгө экинчи сапарын дос жана боордош өлкө Азербайжанга жасайт.
Давутоглу 19-20-сентябрда борбор шаар Бакуда жолугушууларды өткөрөт.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу Бакуда эки тараптуу жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөргө катышат.
Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык маселелер менен орток энергетика долбоорлору орун алат.
Азербайжандын Шах дениз бассейнинен чыгарылган жаратылыш газды Түркия аркылуу Европага жеткире турган «Түштүк газ коридору» долбоорунун пайдубалын түптөө аземи да ушул сапар убагында болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар