Кечээ Чанкая сарайында коопсуздук жыйыны өткөрүлдү

Жыйын болжол менен үч саатка созулду.

130255
Кечээ Чанкая сарайында коопсуздук жыйыны өткөрүлдү


Президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу боюнча кечээ Чанкая Сарайында коопсуздук жыйыны өткөрүлдү.
Жыйынга премьер-министр Ахмет Давутоглу, генштабдын төрагасы армия генералы Неждет Өзел, тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз, ички иштер министри Эфкан Ала, улуттук чалгындоо кызматынын кеңешчиси Хакан Фидан жана генштабдын экинчи төрагасы армия генералы Яшар Гүлер катышты.
Болжол менен үч саатка созулган жыйында аймактагы акыркы кырдаал жана алардын Түркияга ыктымалдуу таасирлери талкууланды.
ИШИМ менен катар Түркиянын чөйрөсүндө болуп жаткан маселелер аскердик жана саясий жактан каралды.
Генштабдын төрагалыгында иш-чаралары уланып жаткан бейтарап аймактын түзүлүүсү боюнча сунуштун да сүйлөшүлгөнү белгиленди.
Бул учурда премьер-министр Ахмет Давутоглу бир журналисттин суроосуна: «Бир гана бейтарап аймак эмес, бардык коопсуздук маселелери каралды»,-деди.
Давутоглу Түркиянын Ирак, Сирия гана эмес, Украина менен аймактагы бардык маселелер жана коопсуздук шарттарынан улам ар түрдүү коркунучтарга каршы даяр туруусу керектигин айтты».

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар