Президент ИШИМ темасында сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты

Президент Эрдоган ушул убакта Түрк куралдуу күчтөрү ал тема боюнча иштеп жатканын билдирди.

127219
Президент ИШИМ темасында сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ирак-Шам Ислам мамлекети уюмуна (ИШИМ) кийлигишүү темасында, «Түркиядан гуманитардык жардамдан тышкары эч нерсе күтүлбөйт»,деген серебин салды.
Президент Эрдоган чек арада бейтарап аймак курула турганы жөнүндөгү ойлоруна байланыштуу, «Түрк куралдуу күчтөрү иштеп жатат...Алдыбызга алып келишет...Керек болсо чечим чыгарабыз»,-деди.
Катардан кайтуу жолунда журналисттердин суроолоруна жооп берген президент Эрдоган эл аралык коомчулуктун ИШИМ менен күрөшүүгө байланыштуу таштаган кадамдарына баа берди.
Эрдоган: «Бул темада иш-чаралар уланат. Бир жол картасы ортого салынат. Ал жол картасын көргөндөн кийин бизди так ыраазы кылып же кылбай турганын айта алабыз»,-деди.
Президент ИШИМдин колунда турган Түркиянын Мусул консулдугунун кызматкери 49 барымтадагы темасында болсо, «Сүйлөшүүлөр менен чечүү аракетиндебиз»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар