Өкмөт Европа Биримдигине кошулуу процессин ылдамдатат

3 баскычтуу кыймыл планын вице-премьер жана өкмөт катчысы Бүлент Арынч жарыялады.

127896
Өкмөт Европа Биримдигине кошулуу процессин ылдамдатат

Өкмөт Европа Биримдигине кошулуу процессин ылдамдатуу чечимин чыгарды.
Процесске байланыштуу 3 баскычтуу кыймыл планын вице-премьер жана өкмөт катчысы Бүлент Арынч жарыялады.
Кечээ Министрлер кеңешинин жыйынынан кийин маалымат берген Бүлент Арынч, кеңеште сүйлөшүлгөн темаларды басма сөз кызматкерлери менен кеңири бөлүштү.
Арынч жыйналыштын эң маанилүү беренесинин Европа Биримдигине толук мүчөлүк процесси болгонун сөз кылды.
«Европа Биримдиги максатыбыздан баш тарткан жокпуз»-деген Арынч, 3 баскычтуу кыймыл-аракет планы даярдалганын белгилеп өттү.
Бүлент Арынч булардан биринчисинин 2014-жылдын акырына чейин 3,5 айлык кыймыл планы, шайлоо процессине чейинки кыймыл планы жана 2019-жылга чейин уланган 3-кыймыл планы экендигин айтты.
Дүйнөнүн күн тартибин өзгөрткөн Ирак-Шам Ислам мамлекети уюму (ИШИМ) коркунучуна да баа берген өкмөт катчысы, Түркиянын дос жана шериктеш өлкөлөр менен бирге кыймыл кылууга аракет кылганын сөз кылды.
Бүлент Арынч Түркиядагы сириялык көчмөндөргө байланыштуу аларга берилген аныктоо карточкалары атуулдук укугун бербей турганына көңүл бурду.
Арынч: «Түркия Республикасынын атуулдарына берилгендей күбөлүк эмес, андай берилиши да мүмкүн эмес»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар