Түрк парламенти 1-октябрга чейин эс алууга чыкты

Парламент дүйшөмбү күнү чогулуп анда маанилүү мыйзамдар кабыл алынган.

121868
Түрк парламенти 1-октябрга чейин эс алууга чыкты


Түркия Улуу Улуттук Парламенти бүгүндөн тарта 1-октябрга чейин эс алууга чыкты.
«Адилеттик жана өнүгүү партиясынын» фракциясы 62чи Өкмөт түзүлгөндөн кийин тобу менен сунушталган мыйзымдын толукталуусу үчүн парламентти дүйшөмбү күнү кезексиз жыйынга чакырган болчу.
Жыйында талкууланган долбоор мыйзамдашкан кийин Түркия менен Азербайжандын ортосундагы Транс Анадолу жаратылыш газ түтүк жолу системасына байланыштуу эки келишимди бекиткен мыйзам долбоорлору жана Түркия менен Ирандын ортосундагы соода келишиминин бекитилүүсүн көздөгөн мыйзам макулдашылып кабыл алынды.
Күн тартиптеги сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин парламент 1-октябрга чейин эс алууга чыкты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар