Бүгүн Түркия Улуу Улуттук Парламенти чогулат

Жыйында жаңы өкмөттүн программасы окулат.

110186
Бүгүн Түркия Улуу Улуттук Парламенти чогулат

Түркия Улуу Улуттук Парламенти ушул жумада 62-өкмөттүн программасынын окулушу, сүйлөшүлүүсү жана ишеним берилүүсү үчүн чогулат.
Жемил Чичектин чакыруусу боюнча бүгүн кезексиз чогула турган парламент, ишеним добушу берилгенден кийин да тобу менен сунушталган мыйзам долбоорлору үчүн иш-чараларын улантат.
Түркия Улуу Улуттук Парламенти сентябрь айынын биринчи жумасын тыгыз күн тартип менен баштады.
Жалпы кеңеш, парламенттин төрагасы Жемил Чичектин кезексиз жыйынга чакырганы боюнча бүгүн саат 14:00тө чогулат. Жыйында өкмөттүн программасы окулат. 4-сентябрь бейшемби күнү да программа боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүлөт. Сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин болсо 6-сентябрь ишемби күнү ишеним добушу берилет.

Бир тараптан жаңы жуманын биринчи күнүндө Адилеттик жана өнүгүү партиясынын фракция жыйыны өткөрүлөт. Ахмет Давутоглу да премьер-министр жана Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси катары эл өкүлдөрүнө биринчи жолу кайрылат. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар