30 - Август жеңиш майрамы

30 - Август жеңиш майрамынан улам мамлекеттин жогорку кызматкерлери Аныткабырды зыярат кылышты

108251
30 - Август жеңиш майрамы


30 – август мындан 92 жыл мурда 1922 – жылы Думлупынарда Мустафа Кемал Ататүрктүн башкы командирлигиндеги жеңиш менен бүткөн башкы командирлик согушунун күнү.
Бул күн, баскынчы күчтөр өлкөдөн кийинчерээк чыкса да мекен жерлери кайра алынган күндү билдирет. Мына ушул күн өлкө ичинде ар түрдүү чыгармачылыктар менен белгиленүүдө. Биринчи салтанат Аныткабырда өткөрүлдү.
Режеп Тайиип Эрдоган президент катары биринчи жолу катышкан салтанатка Ахмет Давутоглу да премьер – министрлик сыпаты менен катышты.
Анкарада биринчи салтанат президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигиндеги мамлекеттик кызматкерлердин Аныткабырды зыярат кылуусу менен башталды.
Зыяратта президент Эрдоган, парламенттин спикери Жемил Чичек, премьер – министр Ахмет Давутоглу, генштабдын төрагасы армиянын генералы Неждет Өзел, Республикалык Элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу менен жогорку сот мекемелеринин төрагалары, министрлер кеңешинин мүчөлөрү, күч командирлери жана башка мамлекеттик кызматкерлер катышты.
Президент Эрдоган андан кийин Аныткабырдын атайын дептерине кол койду жана дептерге жазган текстин окуду. Президент Эрдоган «Азиз Ататүрк улуу жеңиштин 92 – жылында бизге мурас калтырган республиканы бизге максат катары көрсөткөн өнүккөн цивилизация деңгээлине жеткирүү үчүн болгон күчүбүз менен иштеп жана аракет кылуудабыз»,- деди. Президент Эрдоган : «Улуу жеңиш улутубуздун миң жылдык мекени Анадолунун түбөлүк мекенибиз экенин болгон күчү менен дүйнөгө дагы бир жолу көрсөтүүсү жактан да өзүнчө мааниге ээ»,- деген сөздөргө орун берди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар