Ант берүү аземи үчүн чет өлкөлүк коноктор келе баштады

Президент болуп шайланган Эрдоган эртең ант берип кызматын өткөрүп алат.

105014
Ант берүү аземи үчүн чет өлкөлүк коноктор келе баштады

12-президент болуп шайланган Режеп Таййип Эрдогандын ант берүү жана кызматын өткөрүп алуу аземине катыша турган чет өлкөлүк коноктор Анкарага келе баштады.
70ке жакын өлкө жана эл аралык мекемелерден өкүлдөр Анкарада болушат.
Македониянын президенти Георге Иванов, ант берүү аземине катышуу үчүн Анкарага алгачкылардан болуп келгендерден.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Босния-Герцеговинанын президенттик кеңешинин төрагасы Бакир Иззетбегович, Сомалинин президенти Хасан Махмуд бүгүн келе турган маанилүү коноктор.
Эфиопиянын президенти Мулату Тешоме жана Алжирдин Улуттук кеңешинин төрагасы Абдүл Кадир Бенсала менен кээ бир өлкөлөрдүн өкмөт башчы жана министрлери да Анкарада тосулуп алынат.
Президенттик кызматты өткөрүп алуу салтанаты үчүн Арменияга да чакыруу баракчасы жөнөтүлгөн. Арменияны тышкы иштер министри Эдвард Налбандян өкүлдүк кылат.
Аземге Катардын эмири, Болгария, Молдова жана Албаниянын президенттеринин да катышуусу күтүлүүдө. Салтанатта АКШны Анкарадагы элчисинин милдетин аткаруучу, Германиянын да ички иштер министри өкүлдүк кылат.
Кыргызстандан болсо Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков келет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар