Ант берүү аземине жогорку деңгээлде катышуу болот
Эрдогандын ант берүү жана кызматты өткөрүп алуу аземдерине катыша турган мамлекет жана эл аралык уюмдардын саны 75ке жетти.
103402
Шайланган президент Режеп Таййип Эрдогандын ант берүү жана кызматты өткөрүп алуу аземдерине катыша турган мамлекет жана эл аралык уюмдардын саны 75ке жетти.
Премьер-министрликтин маалымат борборунан маалымдашкандай Түркиянын 12-президенти болуп шайланган Режеп Таййип Эрдогандын ант берүү жана кызматты өткөрүп алуу аземдерин көрүү үчүн ондогон жогорку даражалуу өкүлдөр келет.
Ушул убакка дейре аземге катыша тургандарын билдирген өлкөлөрдүн саны 67ге, эл аралык уюмдардын саны 8ге жетти.
Аземде 19 өлкө мамлекет башчы жана президенттик деңгээлде, 4 өлкө парламент төрагалыгы, 14 өлкө премьер-министрлик жана калган өлкөлөр министрлик деңгээлинде өкүлдүк кылынат.
Аземге катыша тургандардын арасында Армениянын тышкы иштер министри Эдвард Налбандян да болушу көңүлдү бурууда.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.