Ант берүү аземине эл аралык катышуу болот

Чанкая сарайында 12-президент үчүн эң жогорку деңгээлдеги протокол ишке ашырылат.

101259
Ант берүү аземине эл аралык катышуу болот

12-президент болуп шайланган премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган 28-августта Түркия Улуу Улуттук Парламентинде алгач президенттик шайлоо баракчасын алат, андан соң ант берет.
Ошол эле күнү Чанкая сарайында кызматты тапшыруу-өткөрүп алуу аземи болот.
53 өлкө жана 7 эл аралык мекемеден өкүлдөр келе турган аземге, 6 мамлекет башчы катышат.
12-президент болуп шайланган Режеп Таййип Эрдоган Чанкая сарайында өткөрүлө турган тапшыруу-өткөрүү аземинен кийин президенттик орундукка олтурат.
Премьер-министр Эрдогандын кызматты 11-президент Абдуллах Гүлдөн өткөрүп ала турган аземдин деталдары да белгилүү боло баштады.
Чанкая сарайында 12-президент үчүн эң жогорку деңгээлдеги протокол ишке ашырылат.
Президент Эрдоганды атчан бөлүктөр тосуп алышат.
Тапшыруу-өткөрүү аземине чет өлкөлөрдөн мамлекет башчылары да катышат.
Эмитеден 6 мамлекет башчы, 9 президент, 2 парламент төрагасы, 10 премьер-министр, 7 тышкы иштер министр, 1 мамлекет башчынын орун басары аземге катыша турганы такталды.
Аземде АКШдан да делегация орун алат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар