Грецияга барууга аракет кылган сириялык 56 көчмөн кармалды

Жээк коопсуздугун сактоочу кызматкерлер операция жүргүзүштү.

94493
Грецияга барууга аракет кылган сириялык 56 көчмөн кармалды

Мугланын Бодрум районунда мыйзамсыз жолдор менен Грецияга барууга аракет кылган сириялык 56 көчмөн кармалды.
Жээк коопсуздугу кызматкерлери жүргүзгөн биринчи операцияда, адам сатуучулар тарабынан Киремит аралына ташталып кеткен Сирия тектүү 23 качкын кармалды.
Гүллүк булуңундагы экинчи операцияда болсо 33 сириялыкты ташыган кеме чөгөөрдө куткарылды.
Грецияга качууга аракет кылган 56 сириялык Бодрумга алынып барылып саламаттык абалдары текшерилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар