Эрдоганга чет өлкөлөрдөн куттуктоолор келүүдө

Түркиянын 12-Президенти болуп шайланган премьер-министр Режеп Таййип Эрдоганга дүйнө жүзүнөн куттуктоолор келип жатат.

88232
Эрдоганга чет өлкөлөрдөн куттуктоолор келүүдө

Түркиянын 12-Президенти болуп шайланган премьер-министр Режеп Таййип Эрдоганга дүйнө жүзүнөн куттуктоолор келип жатат.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун өкмөт башчы Эрдоганды президент болуп шайлангандыгынан улам куттуктады.
БУУнун баш катчысынын катчы орун басары Ферхан Хак, ТРТнын кабарчысына берген маалыматында «Баш катчы Пан, алгач ирет элдик добуш менен президентин демократиялуу жана ийгиликтүү түрдө шайлаган түрк калкын куттуктоодо»,-деп айтты.
Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчылыгы тарабынан жарыяланган билдирүүдө, «Премьер-министр Эрдогандын президент болуп шайланышын куттуктайбыз»,-деп айтылды.
АКШнын мамлекеттик катчылыгынын катчысы Мери Харф да күнүмдүк маалымат жыйынында түрк калкынын алгач ирет түздөн-түз президентин шайлаганын белгилеп өттү.
Украинанын президенти Петр Порошенко, Македониянын президенти Георге Иванов, Хамастын саясий кеңсесинин шефи Халит Мешал, Италиянын премьер-министри Маттео Рензи, Грециянын премьер-министри Антонис Самарс жана Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад аль Тани Эрдоганга телефон аркылуу байланышып куттукташты.
Косованын өкмөт башчысы Хашим Тачи да президент болуп шайланган өкмөт башчы Эрдоганга куттуктоо билдирүүсүн жөнөттү.
Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас, премьер-министр Эрдоганга жиберген телеграфында, Палестина мамлекети жана өз атынан президенттик шайлоодо көрсөткөн ийгилигинен улам Эрдоганды куттуктады.
Афганстандын президенти Хамид Карзаи президенттик жеңишке жетишкен Режеп Таййип Эрдоганды куттуктады.
Афганстан Президенттигинин маалымат кеңсесинен билдирилгендей, «Афган калкынын атынан шайлоодогу ийгилигиңизден улам куттуктаймын, ийгиликтериңиздин уланышын тилеймин»,деген сөздөр орун алды.
Египетте аскердик сокку менен кызматынан четтетилген, ал өлкөнүн алгачкы шайланган президенти Мухаммед Мурси да Эрдоганды куттуктады.
Тунис, Ливан, Сомали, Жибути жана Эфиопиядан Эрдоганга куттуктоолор келип жатат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар