Түркия демократиясы үчүн улуу күн...

Шайлоонун расмий эмес жыйынтыктары жарыялана баштады.

86115
Түркия демократиясы үчүн улуу күн...

Түрк калкы алгач ирет президентин шайлаш үчүн шайлоого барды.
12-президент белгилене турган жарышта 3 талапкер ат салышты.
Алар; бийликтеги партия Адилеттик жана өнүгүү партиясынын талапкери премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган,Парламенттеги оппозициялык маанадайдагы партиялар Жумурият элдик партиясы жана Улуттук кыймыл партиясы менен катар калган 12 партия биргелеше көрсөткөн талапкери Ислам Кызматташтык Уюмунун мурдагы баш катчысы Экмеледдин Ихсаноглу жана Элдик демократиялык партиянын талапкери Селахаттин Демирташ болчу.
Бүтүндөй Түркияда саат 08:00де башталган добуш берүү процедурасы саат 17:00де аяктады.
52 миллион 894 миң 115 шайлоочу Түркияда 165 миң 108 үкөктө добуш беришти.
Бир гана добуш бюллетени болгондуктан шайлоочулар көпкө кезек күтпөстөн добуш бере алышты.
Жогорку шайлоо кеңешинин шайлоонун жыйынтыткарын берүүгө тыюу салууну Түркия убактысы боюнча саат 18:30да жоюшу менен бирге алгачкы жыйынтыктар келе баштады.

Расмий болбогон жыйнтыктарга караганда үкөктөрдүн 94 пайызы ачылды.

Буга караганда Режеп Таййип Эрдоган 53,02 пайыз, Экмеледдин Ихсаноглу 37,84 пайыз жана Селаххаттин Демирташ 9,14 пайыздык добушка ээ болду.
Премьер-министр Эрдоган борбор шаар Анкарада саналган добуштардын 53,1 пайызын алса, Стамбулда да 51,9 пайызына ээ болуп алдыда баратат.
Измирде добуштардын 58,7 пайызын Экмеледдин Ихсаноглу алып алдыда баратса, Диярбакырда Селахаттин Демирташ добуштардын 63,2 пайызын алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар