Эрдоган шайлоодогу жеңишин жарыялады
Эрдоган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын башкы борборунун балконунда элге кайрыла турганын билдирди.
86242
Премьер-министр Эрдоган шайлоодогу жеңишин Стамбулда жарыялады.
Расмий эмес жыйынтыктарга караганда президенттик шайлоонун жеңүүчүсү премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган Стамбулдагы Халич конгресс борборунда стамбулдуктарга ырахмат айтты.
Эрдоган үкөктөрдүн 100 пайызы ачылгандан кийин Анкарада Адилеттик жана өнүгүү партиясынын башкы борборунун балконунда элге кайрыла турганын билдирди.
Премьер-министр Эрдоган сөз сүйлөөсүн : «Мекенибизге, улутубузга кызмат кылууну улантабыз. Өнүккөн демократия жана чечим табуу процессин эгемендүү кылуу үчүн аракеттерибизди улантабыз»,- деп бүтүрдү.