Жогорку Аскердик Кеңеш кечээ жыйын өткөрдү

Кеңеште чыгарылган чечимдер күтүлгөндөн бир күн мурда президент Абдуллах Гүлгө сунушталды

81447
Жогорку Аскердик Кеңеш кечээ жыйын өткөрдү

Жогорку Аскердик Кеңеш премьер – министр Р. Т. Эрдогандын жетекчилигиндеги август айынын кезектеги жыйынын кечээ аяктады. Кеңеште чыгарылган чечимдер күтүлгөндөн бир күн мурда президент Абдуллах Гүлгө сунушталды, андан кийин коомдук пикирге билдирилди.
Жандармериянын башкы командирлигине армиянын генералы Абдуллах Атак дайындалды.
Кургактык күчтөрүнүн машыктыруу жана билим берүү командири армиянын генералы Салих Зеки Чолак да Биринчи Армиянын командири болуп дайындалды. 34 генерал жана адмиралдын кызмат мөөнөтү бир жылга узартылды.
Айрыкча бул жылы аскердик наамын күтүү мөөнөтү толгон 41 генерал жана адмирал 2014 – жылдын 30 – августунан, 2 генерал болсо жашынан улам 2014 – жылдын 1 – сентябрынан баштап ардактуу эс алууга чыгышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар