Эрдоган шайланса активдүү президент болмокчу

Эрдоган президент болуп калса Министрлер кеңешин да башкара ала турганын маалымдады.

80445
Эрдоган шайланса активдүү президент болмокчу

Президенттикке талапкер жана премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган шайланган учурунда активдүү президент боло турганын айтты.
Бир телеканалда күн тартипке байланыштуу суроолорго жооп берген өкмөт башчы Эрдоган, шайланган учурунда кандай президент боло турганын түшүндүрдү.
Президенттин элдин добуштары менен ал кызматка келе турганын белгилеген Эрдоган, ошондуктан ошол эле учурда мамлекеттин башчысы болушунун себебинен Министрлер кеңешине керек болгон учурларда жетекчилик кыла ала турганын билдирди.
Израилдин Газа операциясына токтолгон премьер-министр Эрдоган Бириккен Улуттар Уюумунун баш катчысы Пан Ги Мун менен сүйлөшкөнүн, Панга Израилдин Газага карай кол салууларынын себебинен Бирккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешин жыйналышка чакырышы керектигин айтты.
Түркиянын ТИКА жана Кызылай арачылыгы менен Газага азык-зат жана дары-дармек жардамын бергенин сөз кылган Эрдоган, а бирок Израилдин аесуз түрдө аймакта террордук кылып жатканынан ал жерге жетүүдө кыйынчылык тартып жатканын айтты.
Түркиянын 2023-жылдагы максаттарын да жарыялаган Эрдоган, Түркияны өнүккөн маданияттар деңгээлинен жогору чыгаруу жарышында 2023-жылы дүйнөдө алдыңкы 10 өлкөнүн арасына Түркияны киргизүү максаттарынан баш тартпай тургандарын белгилеп өттү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар