Дүйнөнүн бир топ өлкөсүндө түрк жарандары добуш беришүүдө

Бажы каалгалары менен бирге 54 өлкө 103 округда добуш беришүүдө

77281
Дүйнөнүн бир топ өлкөсүндө түрк жарандары добуш беришүүдө

Президенттик шайлоо үчүн өлкө тышында добуш берүү улантылууда. Бажы каалгалары менен бирге 54 өлкө 103 округда добуш беришүүдө. Дүйнөдө эң көп түрк калкы жашаган Германияда жарандар берилген күндөрү боюнча жашап жаткан аймактардында добуш беришүүдө. Германиядагы түрк жарандары жети башка аймакта добуш берүүнү улантышууда.
Борбор шаар Берлинде 140 миң катталган шайлоочу добуш берүүдө. Бирок шайлоочулардын чоң бир бөлүгү Түркияда эс алып жаткандыктан бул шайлоочулар Түркиядагы бажы капкаларында добуш беришүүдө. Германияда жашаган түрк жарандары жашап жаткан өлкөлөрүндө биринчи жолу добуш берип жаткандыктан абдан бактылуу экендерин билдиршти.
Башка өлкөлөрдө да добуш берүү иштери улантылууда. Белгиленген добуш берүү күнүндө добуш бере албаган шайлоочулар, 10 – августка чейин бажы каалгаларында добуш беришет. Добуш берүүдөн кийин бюллетендер каптарга салынып, мөөр басылып, дипломатиялык жүк ташуу учагы менен Түркияга жиберилет. Бул добуштар Түркияда саналат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар