Өлкө тышында добуш берүү эртең башталат

Өлкө тышындагы жарандар алган күнүнө карата добуш беришет

74657
Өлкө тышында добуш берүү эртең башталат

Жогорку Шайлоо Кеңеши шайлоо күнүнө карата өлкө тышындагы жарандар берилген күнү, күн ала албагандар системанын өздөрү үчүн белгилеген күнү добуш беришет. 

Жогорку Шайлоо Кеңешинин чыгарган чечими менен Германия, АКШ, Бельгия, Дания, Франция, Голландия, Израиль, Швейцария, Италия, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Ливан, Норвегия, Румыния, Сауд Арабстан жана Түркмөнстанда биринчи тур үчүн  31 - июлдан 3 - августка чейин 4 күн добуш берилет. Канада, Австралия жана Орусияда добуш берүү 31 - июлдан 2 - августка чейин, Болгария, жана Казакстанда 1 - 3 - август күндөрүнүн арасында болот. 

Үкөк курула турган башка өлкөлөр  жана добуш берүү күндөрү төмөнкүчө:

Австрия, Греция, Алжир, Англия, Швеция, Япония, Катар, Венгрия жана Македонияда 2 - 3 - августта, Кытай Эл Республикасында 31 - июль, Бириккен Арап Эмирликтеринде 2 - августта, Албания, Азербайжан, Бахрейн, Босния - Герцеговина, Чех республикасы, Финляндия, Түштүк Африка, Грузия, Иран, Ирландия, Испания, Косово, Кувейт, Египет, Өзбекстан, Польша, Судан, Тунис, Украина, Оман, Иордания жана Жаңы Зеландияда  3 - августта.

Өлкө тышындагы шайлоочулар, күн алган же өзү үчүн белгиленген күндө добуш бере албаса 10 - августка чейин бажы капкаларында добуш берет. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар