АКШдан Түркиянын демилгесине толук колдоо

Жан Псаки түрк жана катарлык жетекчилер менен кеңешүүлөрдүн улантылганын, жакын байланышта экендерин айтты

74313
АКШдан Түркиянын демилгесине толук колдоо

АКШнын тышкы иштер министрлиги Израиль – Палестина ортосундагы ок атууну токтотуу үчүн түрк жетекчилер менен сүйлөшүүлөрдүн улантылып жатканын белгиледи. Күнүмдүк маалымат жыйында абалдарга баа берген Американын тышкы иштер министрлигинин катчысы Жан Псаки Түркиянын Хамаска карата таасиринин чоң экенин белгиледи. Псаки түрк жана катарлык жетекчилер менен кеңешүүлөрдүн улантылганын, жакын байланышта экендерин айтты. Псаки Хамас менен ок атууну токтотуу үчүн Түркия жана Катардын жардамчы болгонун белгиледи. Жарандардын каза болуусу тууралуу тынчсызданууларын кайталаган катчы балдардын каза болуусунун трагедия экенин, тараптардан дагы этият болууларын суранды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар